Бугу 04, 2024
Убакыт: 19:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулат

08.04.2024 17:21
171
Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулат


Быйыл Кыргызстанда майрамдык айт намаз борбордук аянттарда эмес, мечиттерде окулат, деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Мындай чечим акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элдин коопсуздугу эске алынуу менен кабыл алынган.

Айт намаздын программасы:

  • саат 06:15—07:25 баяндар
  • саат 7:25—7:30 Айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу
  • саат 7:30 орозо айт намазы.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелде Орозо айт майрамы белгиленет. Ислам шариятында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталат. Рамазан айы кээде 30 же 29 күн болот.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн