2023-жылы Бишкек шаары менен Чүй облусунда тогуз конуш менен калк жашаган эки пунктуга газ тартуу пландалууда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
"2023-жылга 11 объект пландалган. Бишкекте тогуз: Ак-Тилек, Ак-Тилек 2, Ак-Тилек — Турбаза, Ала-Арча, Бакай-Ата, Попеновка, Көк-Жар, Товарная, Төкөлдөш конуштары. Андан сырткары, Чүй облусуна караган Селекция, Новопавловка айылдары", — деди ал.
Алдаяров көчөлөргө тартыла турган 220 чакырым газ бөлүштүрүүчү түтүктүн 70 пайызы жаткырылганын кошумчалады. Октябрда аталган райондордогу абоненттерге көгүлтүр отту туташтыруу иштери башталат.
Бийлик абанын кирдешине каршы жасалган иштердин алкагында бишкектиктерге үйүнө газ менен жылыткан каражаттарды коюуга жеңилдетилген насыя берүүнү пландаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн