Маданият министрлигинетиешелүү 4153 имарат жана мекеме-ишканалар бар, деп билдирди маданият министри Алтынбек Максүтов 9-июнда «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында.
Анын айтымында, алардын 80-90%ы авариялык абалда жана капиталдык оңдоодон өткөрүүгө муктаж.
Үстүбүздөгү жылы министрдин айтымында, алардын ичинен маданият үйлөрүн, жаштар үйлөрүн, музыкалык мектептерди, спорт борборлорун, Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетин, Г.Айтиевдин музейин, М.Жангазиев куурчак театрын, Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрын, Ысык-Көл драма театрын жана министрликтин имаратын камтыган 40 имаратты оңдоо пландалууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн