Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Быйыл Орозо айт намазы аянтта окулат. Мэрия даярдык көрүүдө

18.04.2022 07:47
418
Быйыл Орозо айт намазы аянтта окулат. Мэрия даярдык көрүүдө

Борбор калаада эки жылдык чектөөдөн кийин айт намазын Эски аянтта окууга уруксат берилди. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Буга байланыштуу Президенттик администрациянын имаратынын (мурдагы Өкмөт үйү) айланасынын бир чакырым радиусундагы тротуарларга жана жолдорго асфальт төшөө иштери жүрүп жатканы айтылды.


"Азыркы тапта атайын техника менен асфальттын эски катмары алынып жатат. Таттыбүбү Турсунбаева атындагы сквердин ирригациялык системасына капиталдык ремонт жасалды. Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы ирригациялык система жаңыланып, тротуары оңолду. Газон себүү иштери жүрүп жатат. "Эл достугу" скверин сугаруу системасына капиталдык ремонт жасалууда. Ошондой эле жарыктандыруу линиялары иретке келтирилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Орозо айт 1 же 2-майга туш келет. Азырынча муфтият так датасын айта элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн