Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Быйыл Ош облусунда 100дөн ашык объекти курулат

26.01.2022 14:54
523
Быйыл Ош облусунда 100дөн ашык объекти курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен коллегиясынын жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жыйындын жүрүшүндө облустун жана Ош шаарынын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары боюнча маалымат берилди.


Акылбек Жапаров 2021-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгилеп, министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдагы артыкчылыктуу милдеттерине токтолду.


«Өткөн жылы бюджет 5,6 миллиард сомдук профицит менен толук көлөмдө аткарылган. 2022-жылдын январь айында бюджеттин кирешеси 11,8 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 миллиард сомго көп. 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчү 400 млрд сомду түзүшү керек», - деди ал.


Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары астында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, облус жөнүндө толук маалыматты камтыган аймактын санариптик картасын иштеп чыгуу, мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүү, өндүрүштүк ишканаларды коргоо жана аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчтөндүрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат.


«Аймакка инвестиция тартуу боюнча жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоодо KPI системасын киргизүү зарыл. Ар бир айылда ишканалар ачылса чоң жетишкендик болот. Район акимдери жана шаар мэрлери сиздердин негизги милдетиңер – инвестиция тартуу. Оондой эле токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүгө жардам берүү керек. Мындан тышкары, жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү, жарандардын жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жыйынтыктоо зарыл», - деди ал.


Акылбек Жапаров 2022-жылы Ош облусунда 100 ашуун объектиде курулуш жана оңдоо иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн