Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 00:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Быйыл Талас облусу боюнча жолду асфальттоого 348 млн сом каралган

22.06.2023 09:54
765
Быйыл Талас облусу боюнча жолду асфальттоого 348 млн сом каралган


Президенттин өкүлү Нурлан Дарданов Талас облусунун аймагындагы асфальт төшөө жумуштарынан жеринде кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Манас районунун Манас айылындагы жаңыдан салынган 3 чакырым жана Талас районундагы Жергетал-Калба автожолундагы 1 чакырым жолдун сапатын текшерди.

Мындан тышкары, Талас районунун Үч-Эмчек айылына кире бериштеги буга чейин авариялык абалда болгон көпүрөнүн курулуш иштеринин сапаты менен таанышты. Көпүрөнү капиталдык оңдоого республикалык бюджеттен 5,3 млн сом сарпталган.

Нурлан Дарданов Транспорт министрлигине караштуу жол чарба департаментинин Талас облустук бөлүмүнүн башчысы Кубандык Керимбаевге жолдорду асфальттоонун сапатына жана курулуш иштерин өз мөөнөтүндө аяктоого көңүл бурууну эскертти.

Белгилей кетсек, быйыл Талас облусу боюнча 37,5 километр асфальт төшөө пландалган. Бул максатта жалпысынан 348 млн сом каралган. Ал эми 12 миң метр квадрат эски жолдорду ондоп-түзөөгө 19,6 млн сом бөлүнүп, 8500 метр квадраты аягына чыкты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн