Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:08
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Быйыл ЖОЖго тапшыруу онлайн форматта жүргүзүлөт, - Өмүров

08.06.2020 12:13
1154
Быйыл ЖОЖго тапшыруу онлайн форматта жүргүзүлөт, - Өмүров

Быйыл жогорку окуу жайларга өтүү онлайн форматта жүргүзүлөт, деп билдирди 8-июнда брифингде билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров. 


Анын айтымында, министрлик тарабынан жогорку окуу жайларга онлайн өтүү жана онлайн каттоо системасы киргизилет. 


"Өткөн жылдары абитуриенттер ЖОЖдорго өтүү үчүн ар бир окуу жайга барып, тиешелүү адистиктерди тандаган соң, үкөкчөгө талон салышчу. Бул жылы бул процесс толугу менен онлайн форматка өтөт. Тактап айтканда, абитуриенттер каалаган адистикке тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн талонун каттоо платформасынан өткөрүшү керек. Бул үчүн маалыматтык инструкция иштелип жатат. 20-июндан баштап жалпы маалыматтык компания башталат", - деди Өмүров.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн