Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Быйыл Жалал-Абад облусуна 10 кичи ГЭС куруу пландалууда

16.02.2022 18:00
887
Быйыл Жалал-Абад облусуна 10 кичи ГЭС куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын аягына чейин он чакан ГЭС куруп, пайдаланууга берү пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.


Анын айтымында, буга чейин облустук бийлик тарабынан ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар ички жана сырткы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыркы учурда жумуштар коюлган план боюнча аткарылууда.


“Биз бардык инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алардын басымдуу бөлүгү ички инвесторлор. Мында облустун Токтогул районуна эки, Кара-Көл шаарына бир, Аксы районуна эки, Чаткал районуна эки, Базар-Коргон районуна эки, Сузак районуна бир чакан ГЭС куруу пландалды. Азыркы учурда Сузак районунда кубаттуулугу 2400 кВт саат электр энегриясын өндүргөн чакан ГЭСтин курулушу 50 пайызга аяктап калды. Калган аймактарда март айынан жумуштар башталат. Мындан сырткары, мамлекеттин гранттык каражатынын эсебинен чакан ГЭС куруу ниетин билдирген ишкерлер да бар. Алардын сунуштарын министрлер кабинетине жибергенбиз. Бул аракеттерибиз муктаждыктан келип чыккан өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыкты жөнгө салуу”, - деди Сыргабаев.


Облус өкүлү Чаткал районунда чет өлкөлүк инвесторлор менен бир ири ГЭС куруу боюнча долбоордун ТЭНси (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштелип жатканын кошумчалады.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн