Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Быйыл Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшүнө Акылбек Жапаров катышат

03.05.2023 13:56
292
Быйыл Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшүнө Акылбек Жапаров катышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.


Күн тартибинде 9 маселе коюлду, ага кошумча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси каралды.


Жыйынтыгында министрлер кабинети 120 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн ар бирине 10 литрден өсүмдүк майын бир жолку жардам көрсөтүү чечимин кабыл алды.


Министрлер кабинети дагы бир чечим менен Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы символикасын бекитти. Мындай чечим Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТО) желеги менен окшош болгондугунан улам кабыл алынды.


Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата коргоо министринин маалыматы угулду. Министр 9-майга карата бир катар иш-чаралар, анын ичинде министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусунда жыйын-реквием жана салтка айланган “Өлбөс полк” акциясы пландалганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн