Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Быйыл абитуриенттердин 60 пайызы босого баллдан өткөн

25.06.2021 11:40
470
Быйыл абитуриенттердин 60 пайызы босого баллдан өткөн

Быйыл 25 миң 284 абитуриент жогорку окуу жайдын 110дук босого баллын алышты. Бул тууралуу  билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.


Анын айтымында, 2021-жылы жалпы республикалык тестти жалпы 44 миң 416 бүтүрүүчү тапшырды.


“Орточо балл 120,5ти түздү. Жогорку окуу жайдын бюджеттик орундарга өтүү баллы 110 деп белгиленген. Босого баллдан 25 миң 284 абитуриент өттү. Ал эми келишимдин негизинде окуунун босого баллы 105 деп белгиленсе, андан 28 миң 143 бүтүрүүчү ашты”, - дейт ал.


Өмүров Баткен мамлекеттик университеттин бюджеттик орундардын босого баллы 100, келишимдин негизде окууга өтүү үчүн 95 баллдан ашуу керектигин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн