Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:32
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Быйыл ажылыктын баасы канча болору азырынча белгисиз

24.01.2023 11:30
320
Быйыл ажылыктын баасы канча болору азырынча белгисиз


Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»


2023-жылдагы ажылык сапардын так баасы азырынча белгисиз. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.


Ал 2022-жылы ажылык сапардын наркы 4,5 миң долларды түзгөндүгүн эске салды.

“Быйыл белгисиз, анткени каражаттын 99 пайызы Сауд Аравиядан көз каранды. Себеби ал жактагы төлөмдөрдү өздөрү айтат. Алсак, транспорт, чатыр, тамак-ашты арабдар белгилеп берет. Биз алар менен соодалаша албайбыз. Качан гана бизге маалымат бергенде гана так сумманы айтабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан 14-февралга чейин (2019-жылдан бери каттоодо тургандар үчүн) жүргүзүлөт. Ал эми жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн