Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:02
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Быйыл билим берүү тармагын каржылоого эки эсе көп каражат бөлүнөт

11.07.2023 14:34
766
Быйыл билим берүү тармагын каржылоого эки эсе көп каражат бөлүнөт


Билим берүү тармагына 2023-жылы 65,3 млрд сом бөлүнөрүн Каржы министрлиги билдирди.


Ведомствонун маалыматы боюнча, каржылоо 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.


Билим берүүгө чыгымдардын динамикасы:

- 2019-жыл - 32,6 млрд сом же ИДПга карата 5,5%;

- 2020-жыл - 36,2 млрд сом же 6,0%;

- 2021-жыл - 40,7 млрд сом же 5,6%;

- 2022-жыл - 63,2 млрд сом же 6,9%;

- 2023-жыл - 65,3 млрд сом же ИДПга карата 7,0%.


Мындан тышкары, чыгаша статьяларынын эсебинен билим берүү тармагына республикалык бюджеттен социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.


Капиталдык салымдар:

- 2019-жыл 1,9 млрд сомду же капиталдык салымдардын жалпы чыгашасынын 35%ын түзөт;

- 2020-жылы - 1,2 млрд сом же 38%;

- 2021-жылы - 1,9 млрд сом же 32%;

- 2022 - 5,7 млрд сом же 33%.


Дем берүүчү гранттар:

- 2019-жыл 183,8 млн сомду же жалпы чыгашалардын 45%ын түзөт;

- 2020- жыл 204,9 млн сом же 59%;

- 2021-жылга 214,2 млн сом же 42%;

- 2022-жылга - 318,5 млн сом же 54%.


Белгилей кетсек, чыгашалардын бул беренелери боюнча негизги үлүшү билим берүү тармагына жумшалат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн