Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:50
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Быйыл буудайдын түшүмү 42 пайызга аз жыйналган

13.10.2021 14:19
734
Быйыл буудайдын түшүмү 42 пайызга аз жыйналган

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9% га аз.


Улуттук статистика комитети билдиргендей, бир миллион тоннадан ашык эгин (баштапкы кириштелген салмакта) же 34%га аз бастырылды.


Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшүн шарттады. Мында, жалпы республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1%га, арпанын - 48,7%га, бакча өсүмдүктөрү - 14,6%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 6,5%га, картошка - 5%га жана жашылчанын түшүмү - 1,6%га кыскарды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн