Бугу 05, 2024
Убакыт: 11:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Быйыл дарыялардын жээктерин бекемдөөгө 200 млн сом бөлүндү

11.05.2023 13:36
245
Быйыл дарыялардын жээктерин бекемдөөгө 200 млн сом бөлүндү

2023-жылы жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүүгө жана дамбалардын селден коргоочу курулмаларын коргоого ӨКМге 198,5 млн сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен:

- ӨКМдин ведомстволук мекемелери (өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча) 100 млн сом;

- ӨКМге караштуу "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" кызматына 98,5 млн сом;

Белгилей кетсек, аталган каржаттар республикалык бюджеттин мыйзамында каралып, жыл сайын бөлүнөт.

Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча Чу дарыясынын жээгин бекемдөөгө 50 млн сом каралып, учурда бөлүндү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн