Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Быйыл электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, бирок 2021-жыл оор болот

29.12.2020 11:13
498
Быйыл электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт, бирок 2021-жыл оор болот

"Быйылкы  кыш мезгилин эптеп чектөөсүз өткөрөбүз, бирок кийинки жылы мындан да оор болот", - деди бүгүн маалымат жыйынында Кыргыз Энергетикалык Эсеп Борборунун башкы директору Талайбек Байгазиев.


Анын айтымында, энергетиктер электр энергиясын үнөмдөөгө бекер чакырышкан жок. Быйыл кургакчылык мезгил болду. Токтогул суу сактагычында суунун  көлөмү аз  топтолгон. Келерки жылы кырдаал кандай болору белгисиз.


«Эгерде Токтогул суу сактагычына куюлган дарыялардан суу аз топтолсо, электр энергиясын өндүрүү үчүн зарыл болгон гидроэнергетикалык ресурс жетишсиз болот. Суу сактагычтын көлөмүн сактап калуу үчүн, импорттоо керек болот. Азыр бул жасалып жатат, бирок аз көлөмдө. Биз бир нече миллиард кубометр суу топтошубуз керек. Ошондуктан, энергетиктер үнөмдөөгө чакырышат.Бул баарыбыз үчүн пайдалуу. Канча аз иштетсек, ошончо аз төлөйбүз", - деди Байгазиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн