Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Быйыл кайсы өлкөлөрдөн Кыргызстанга туристтер көп келүүдө?

24.07.2022 12:18
428
Быйыл кайсы өлкөлөрдөн Кыргызстанга туристтер көп келүүдө?


Быйыл Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн туристтер эс алганы келгенин Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова айтып берди.

Анын айтымында, быйыл Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн эл аралык платформаларда маркетингдик иш-аракеттерди жигердүү жүргүзүп, ал өз жемишин берди.

"Азыр Кыргызстанга араб өлкөлөрүнөн: Сауд Арабиясынан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Кувейттен, Омандан келген туристтер көп. Дубайда өткөн көргөзмө-жарманкеге катышып, Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп экенине күбө болдук", — деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле Кенжематова Кыргызстанда Европадан келген туристтер көп экенин кошумчалады.
"Алар треккинг, сейилдөө менен алектенишет. Негизи атайын инфраструктуранын кереги жок. Чатырларды алып, тоого чыгып, жаратылыш койнунда калганды жакшы көрүшөт. Мындай туристтер көп", — дейт ал.
Кыргызстан үчүн эң потенциалдуу туристтер — Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары экени айтылды.

"Бул салтка айланган көрүнүш. Мисалы, Өзбекстандан бизге көп келишет. Жарым жылдын ичинде бул өлкөдөн 1,6 миллиондон ашык турист келип кетти", — деди ал.

Туризм департаментинин жетекчисинин орун басарынын айтымында, Кыргызстанга Чыгыш Азиядан – Япония, Корея, Филиппин сыяктуу өлкөлөрдөн да туристтер келет. Аткаминер буга Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар таасир эткенин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн