Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:16
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Быйыл кимдердин айлык акысы көтөрүлөрү белгилүү болду

11.02.2022 12:25
1184
Быйыл кимдердин айлык акысы көтөрүлөрү белгилүү болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигинин коллегиясында 2022-жылы кимдердин айлык маянасы көбөйтүлөрүн айтты.


Анын айтымында, быйыл медицина, аскер, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда.


Каржы министринин орун басары Мелс Аттокуровдун айтымында, 2021-жылы бир катар кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөн:


2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга өстү. Бюджеттен кошумча 226,6 млн сом, анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 160,8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 65,7 млн сом бөлүнгөн;


2021-жылдын 1-июлунан тарта медкызматкерлердин айлыгы 50 пайызга, саламаттык сактоо уюмдарынын техперсоналдарыныкы 40 пайызга жогорулатылган. Бюджеттен кошумча 1 млрд 831,1 млн сом, анын ичинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 1 млрд 612,9 млн сом, Саламаттык сактоо министрлигинен 218,1 млн сом бөлүнгөн.


“Мындан сырткары, соцкамсыздоо жана жөлөк пулдарга өткөн жылы 657,3 млн сом коротулган” - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн