Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Быйыл кыргыз спортчулары ири эл аралык мелдештерде 452 медаль жеңди

11.12.2023 13:06
1522
Быйыл кыргыз спортчулары ири эл аралык мелдештерде 452 медаль жеңди


2023-жылы кыргызстандык спортчулар ири эл аралык мелдештерде 452 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.

Анын 153ү алтын, 119у күмүш жана 180и коло медаль.

“Быйылкы жыл ата мекендик спорт үчүн тарыхый жыл болду. 19-Азия оюндарында дзюдо боюнча биринчи жолу Эрлан Шеров алтын медаль утту. Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова дүйнөнүн үч жолку чемпиону болсо, ал эми Жоломан Шаршенбеков, Акжол Махмудов дүйнө чемпиону наамына экинчи ирет татыды. Бокс боюнча дүйнө чемпионатында Мунарбек Сейитбек уулу коло утса, Амантур Жумаев өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону болду”, - деп белгиледи Абдымомунов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө кыргызстандык спортчулар Париж-2024 жайкы Олимпиада оюндарына беш жолдомо утуп алды - балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Айсулу Тыныбекова жана суучул Денис Петрашов. Мындан тышкары, пара-дзюдочу Хайхон Хусан кызы жайкы Паралимпиада оюндарына жолдомо алды.

"2024-жылы Олимпиадага жолдомо ойнотула турган бир катар континенталдык жана дүйнөлүк мелдештер болот. Аларга катышып, дагы 20дай жолдомо утуп алууну пландап жатабыз», - деп деп белгиледи Айбек Абдымомунов.

Бүгүнкү күндө ата мекендик спортчулардын алдыдагы эл аралык мелдештерге катышуусун каржылоого 1 млрд 682 млн сом каралган. Департамент бул суммадан тышкары дагы 300 млн сом сурап жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн