Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Быйыл кызылча айдоо кыскартылып, буудай, арпанын аянты көбөйтүлөт

06.04.2020 14:48
1445
Быйыл кызылча айдоо кыскартылып, буудай, арпанын аянты көбөйтүлөт

 

Кыргызстан боюнча быйыл дан эгиндери 631 миң 9 гектарга айдап себилет, бул жалпы айдоо аянтынын 51,8 пайызын түзөт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бүгүн, 6-апрелде онлайн брифингде билдирди.


Анын айтымында, жашылча жемиштер 51 миң гектар жерге айдалат, бакча өсүмдүктөрү 11,3 миң гектар жерге, техникалык өсүмдүктөр 65,3 миң гектар аянтка, көп жылдык чөптөр 332,9 миң гектар жерге себилет.


“Ири мүйүздүү мал чарбасын өнүктүрүү максатында чөптүн аянтын 30 пайызга көбөйтүүнү жолго койдук”, - деди Керималиев.


Ал белгилегендей, кызылча аянтын кыскартып, анын ордуна буудай, арпа сыяктуу кылкандуу дан эгиндеринин аянтын көбөйтүү каралып жатат.


“Себеби азыркы учурда рентабелдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү талап кылынууда. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында буудай, арпа өсүмдүктөрүнүн түшүмүн көп алуу максаты колго алынууда”, - деп айтты орун басар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн