Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Быйыл мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

01.02.2022 12:46
392
Быйыл мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекеттик ЖМК кызматкерлеринин маянасын көтөрүү боюнча тапшырма койгон. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу  маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Байсаловдун катышуусундагы жыйынга мамлекеттик телерадио компаниялардын жетекчилери катышкан.

“Ошол жерде айлык, гонорар жана дубляждын өлчөмүн көтөрүү маселеси айтылган. КТРК жана ЭлТР телеканалдары дубляж кылууга аракет кылышат. Бирок ал жердеги кызматкерлердин бир сааттык жумушу 280 сом экен. Баарыбызга белгилүү болгондой, 1-апрелден баштап бүт мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлүү алдында турат. Ал эми мамлекеттик ЖМКлардын кызматкерлеринин маянасы жай же күзгө чейин көтөрүү маселеси министрлер кабинетинде каралган”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн