Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 05:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Быйыл мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү пландалууда

06.08.2020 09:43
1011
Быйыл мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү пландалууда


Үстүбүздөгү жылы 213 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул туурасында премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы 338 айыл чарба техникасы лизингге алынса, 2019-жылы – 341, ал эми 2020-жылы 213 даана айыл чарба техникасы лизингге алынды. Буга катар үстүбүздөгү жылы лизингдик программага жалпысынан 571,9 млн сом бөлүнгөн.

Техникадан тышкары малдын асылдуулугун жакшыртуу максатында 2019-жылдан тартып, мал да лизингге алына баштаган. Бул системаны андан ары өркүндөтүп, учурда өнөр жай жабдууларын да лизингге берүү боюнча финансылык инструменттер иштелип жатат. Муну менен бирге бизнести колдоочу институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү пландалууда", - деди премьер-министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн