Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:29
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Быйыл мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өткөрүлөт, - Мухаммедкалый Абылгазиев

26.04.2020 17:35
1039
Быйыл мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өткөрүлөт, - Мухаммедкалый Абылгазиев


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Төмөндө куттуктоонун тексти:

"Урматтуу Кыргызстандын мамлекеттик статистика органдарынын кызматкерлери!


Сиздерди өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Статистика кызматкерлеринин күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!    


Бүгүн Улуттук статистика комитети өлкөнүн социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы тууралуу толук, ишенимдүү, илимий жактан изилденген расмий статистикалык маалыматтар менен камсыздоого багытталган расмий статистикалык эсепке алуу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырган маанилүү орган болуп саналат.  


Азыркы учурда сапаттуу, ишенимдүү статистикалык маалыматтарды өз убагында алуу өкмөткө социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын туура белгилөөгө, жалпы мамлекеттик экономикалык максаттарга жетүүгө багытталган саясий чараларды иштеп чыгууга базалык шарт болуп саналат.


Быйылкы 2020-жылы мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өткөрүлөт, анын ичинде эл жана турак жай фондун каттоо милдети алдыда турат. Мамлекеттик статистика органдары алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарат деп ишенем.  


Андан сырткары, үстүбүздөгү жылы «Расмий статистика жөнүндө» КР жаңы мыйзамы күчүнө кирет, ал улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешине жана расмий статистикага коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.  


Ушул салтанаттуу күнү статистикалык органдардын ардагерлеринин сиңирген эмгектерин, алардын жогорку кесипкөйлүгүн жана мекенибиздин статистикасын өркүндөтүүдөгү чыдамкайлыгын өзгөчө белгилеп кетким келет.


Бардыгыңарга бекем ден соолук, үй-бүлөдө бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишиңерге ийгиликтерди каалайм!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн