Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн