Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Быйыл нан азыгы башкы орунга чыккандыктан дан эгиндери салыштырмалуу көп айдалды

28.07.2020 14:56
1950
Быйыл нан азыгы башкы орунга чыккандыктан дан эгиндери салыштырмалуу көп айдалды


Бүгүнкү күндө айыл чарбасынын негизги тогуз азыктарынын ичинен республика өзүн сүт, картөшкө жана жашылча азыктары менен толук камсыздайт, ал эми калган алты азыктын түрлөрү боюнча импорт аркылуу камсыздайт, деп билдирди КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев


Анын айтымында, республиканын ички рыногунун негизги азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо импорттун эсебинен нан азыктары – 101,5%, картошка – 105,8%, сүт – 133,2%, эт – 61,6%, жашылча жана бахча өсүмдүктөрү – 92,9%, мөмө-жемиш – 27,1%, үй канаттулар жумурткасы – 78,8% жана кумшекер – 86,8%ды түзөт.



“Кризистик шартта өлкөнү нан азык-түлүгү менен камсыз кылуу маселеси башкы орунга чыккандыктан, бул көйгөйдү чечүү максатында быйылкы жылы дан эгиндерине басым жасалып, анын жалпы себүү аянты 648 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 22,3 миң гектарга көп болду. А
нын ичинен: буудай 247,5 миң гектарга себилип, 7,9 миң гектарга өткөн жылдан көп болду”, - деп билдирди Чодуев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн