Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Быйыл окуу жылы 1-сентябрдан башталат

09.08.2022 15:39
631
Быйыл окуу жылы 1-сентябрдан башталат

Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, министрлик КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет.


"Ошентип, жалпы билим берүүчү уюмдарда, башталгыч кесиптик билим берүү, орто кесиптик билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат", - деп айтылат маалыматта.


Андан сырткары, ведомстводон КРнын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибине өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейт.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн