Бугу 20, 2025
Убакыт: 20:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

Быйыл өлкөдө сугат суусу былтыркыга караганда көбүрөөк топтолду

20.05.2025 13:12
28
Быйыл өлкөдө сугат суусу былтыркыга караганда көбүрөөк топтолду


Быйыл топтолгон сугат суунун көлөмү 1,5 млрд куб метрди түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Бактыбек Анаркулов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, өлкөдө сугат суусу былтыркыга караганда көбүрөөк топтолду.


“Өлкө аймагында 12 чоң көлмө бар. Бул көлмөлөргө суу биринчи кезекте мөңгү жана булактардан топтолот. Дыйкандарыбыздын быйылкы жылы мол түшүм алуусуна жакшы шарттар түзүлдү. Бүгүнкү күндө бардык көлмөлөргө пландаштырылган суу топтолгон. Дыйкандарга суу убагында берилет. Сугат суу тартыштыгы жаралбайт”,-деди ал.


Анаркулов белгилегендей, 5 миң 800 чакырымга жакын ирригациялык канал тазаланып, учурда дыйкандарга суу берилип жатат.


“Ошол эле маалда сугат сууну үнөмдө үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы колдонулуп, жылына 5 миң га сугат жерлерине аталган ыкманы уюштуруу иштери аткарылууда”,-деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн