Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:55
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Быйыл тестти 41 миңден ашуун бүтүрүүчү тапшырат

05.06.2020 15:18
915
Быйыл тестти 41 миңден ашуун бүтүрүүчү тапшырат

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга даярдоо боюнча өкмөттө маалыматы угулду. 

 

Министрдин орун басары Надира Джусупбекова тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин, социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын билдирди.

 

«Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Биз ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде баланы карай турган адам болсо, анда коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот», - деди ал.


Министрдин орун басары мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестти тапшырууларына даярдык көрүү иштери тууралуу айтып берди. Быйыл бул тестти 41 миңден ашуун адам тапшырат. Тест алына турган имараттарда тийиштүү аралык сакталып, санитайзерлер орнотулат, тепловизорлор менен дене табы текшерилип, медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн