2022-жылдын 9 айында Кыргызстанда 117 млн 464 миң 523 сом жайыт жыйымдары чогултулду. Бул тууралуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев билдирди.
Анын айтымында, бул өткөн жылдын 9 айына карата 33 млн 467 миң 924 сомго көп, же план 140%га ашыгы менен аткарылды.
“Кыргызстанда жайыт жерлери 9 млн гектардан ашык жерди ээлейт, анын ичинен 1,6 млн гектардан ашыгын отоо чөп баскан. Ал эми республика боюнча жайытка чыккан малдын жалпы саны 5 млн 477 миң 78 башты түзөт”, - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн