Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Быйыл тоют чөптүн баасы кымбаттады

29.06.2021 12:08
979
Быйыл тоют чөптүн баасы кымбаттады


Кыргызстанда малдын чөбүнүн баасы кескин көтөрүлүп, быйыл Чүй облусунда чөптүн баасы жылдагыдан кымбат. Бүгүнкү күндө Чүйдө талаадан алынган баа 250 сом болсо, базарларда 310 сомдон сатылууда.


Кемин районунун тургуну Рысбек Жолдошбаевдин айтымында, чөптүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе кымбаттаган.


“Мисалы, былтыркы жылы ушул эле чөптүн баасы 130-150 сом болчу. Быйыл салыштырмалуу абдан эле кымбат. Баанын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу эл 2 уйуна чөп ала албай калды”,- дейт Кемин районунун тургуну Жолдошбаев.


Аймактардагы чөптүн баасы:


Чүй облусунда 250 сомдон сатылса, базардагы орточо баасы- 310 сомду түзөт;

Ош облусунда талаадан 240-250 сомдон сатылса, базардагы баа – 275 сомду түзөт;

Жалал-Абад облусунда базардагы орточо баа – 250 сом;

Баткен облусунда орточо баа – 275 сомду түзөт;

Нарын облусунда- 180-200 сомду түзөт;

Ысык-Көл облусунда 230-250 сомду түзөт.


Белгилей кетсек, баалардын өсүшү күндүн ысык болуусу менен суунун тартыштыгына байланыштуу. Ошондой эле коңшулаш республикалардагы муктаждык. Алсак, Казакстан менен Өзбекстанда кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы байкалат.


Булак: "Говори.ТВ"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн