Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Быйыл жалпы 7 эле адам кадрлар резерви аркылуу Мамлекеттик кызматка дайындалды

24.09.2021 17:54
899
Быйыл жалпы 7 эле адам кадрлар резерви аркылуу Мамлекеттик кызматка дайындалды


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дайындалгандардын 10 пайызы гана Кадрлар резервинен алынат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын уюштуруу иштери, аналитикалык талдоо жана карьералык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Кымбат Уланбек кызы билдирди.

Анын айтымында, учурда Улуттук кадрлар резервине 375 талапкер киргизилген, анын ичинен 217си жогорку кызматтарга көрсөтүлгөн. Ал эми регионалдык резервде 321 адам бар.

"Кадрлар резервинде талапкерлиги үч жыл сакталат, кызматка дайындалса чыгарабыз. Бизде эң жогорку кызмат орду статс-катчы, бул жылы билим берүү жана илим министринин орун басары Улуттук резервден дайындалды. Жалпысынан жети кызматкер резерв аркылуу кызматка барды. Бул жалпы кызматка дайындалгандардын 10 пайызын түзөт. Биз вакансия бошосо резервдеги кадрларга кабарлайбыз, кааласа келишет. Эгер эч ким чыкпаса ачык конкурс аркылуу дайындалат", — деди Уланбек кызы.


Кадрлардын резервине кириш үчүн Мамлекеттик кадр кызматына документтерди тапшырып, тесттен өтүшү керек. Талапкер суроолордун 70 пайызынын көбүнө туура жооп берсе аңгемелешүүгө чакырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн