Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Быйыл жаз 10-15 күнгө эрте келди, - Айыл чарба министрлиги

06.04.2020 14:25
1247
Быйыл жаз 10-15 күнгө эрте келди, - Айыл чарба министрлиги

 

Быйыл Кыргызстанда жаз эрте келгендигине байланыштуу жазгы айдап себүү иштери да эрте башталды, деп билдирди айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев бүгүн, 6-апрелде онлайн брифингде.


Анын айтымында, быйылкы жылы 1 млн 221 миң гектар жерге айдап себүү иштери жүргүзүлөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миң 500 гектарга көп. Республика боюнча 6 миң гектар жерге картошка эгилет. Бул 1 мин гектар жерге көп болду. 


Өлкө аймагы боюнча башка региондорго караганда Жалал-Абад облусунда көп жер айдалышы пландалып жатат.   Ысык-Көл облусунда талаа жумуштары башталды, 800 гектар жерде азыр азыктандыруу болуп жатат. Бул 200 гектарга көп болду. Жаз 10-15 күн эрте келгендиктен Нарын облусунда жаңыдан башталып жатат.


“Быйыл түшүм мол болот, деген ишеничтебиз. Арпа, буудайдын үрөнү даяр. Дыйкандар үрөн маселесине кыйналдбайт деген ойдомун”, - деди ал. 


Мындан сырткары 10-апрелден баштап бардык региондо толугу менен айдоо иштери жолго коюларын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн