Бугу 09, 2024
Убакыт: 00:07
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Быйыл жазгы талаа иштери эрте башталды

12.03.2020 16:58
1129
Быйыл жазгы талаа иштери эрте башталды


Быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда эрте башталды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чүй облусунун айыл чарба субьектилеринин жазгы талаа иштерине даярдыгынын жүрүшү жана ирригациялык системалардын абалы менен таанышкан учурда билдирди. 


Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, Өкмөттүн тапшырмасынын алкагында жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча штабдын отуруму өтүп, анда жазгы айдап себүү, оруп-жыюу, сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча алгылыктуу тапшырмалар берилген.


«Республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле эле Чүй облусунда жазгы талаа жумуштары жакшы темпте жүрүүдө. 2020-жылдын жазгы айдап себүүсүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмү такталды. Быйылкы жылы бардык дан эгиндеринин себүү аянттары  631,9 миң га түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 4,2 миң га  көп болот», - деди биринчи вице-премьер-министр

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн