Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Быйыл жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги жолдордо оңдоо иштери жүргүзүлөт

22.03.2022 11:51
786
Быйыл жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги жолдордо оңдоо иштери жүргүзүлөт

Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы менен 266,3 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, анын ичинен 178,3 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.


Анын айтымында, оңдоо иштери транспорттук коридорлордо жүрдү.


“2020-2021-жылдары пандемиядан улам жол тармагынын бюджети 70 пайызга кыскарган. Ага байланыштуу көбүнчө иштер негизги жолдордо болду. Бөлүнгөн каражаттын 30 пайызынан көбү кредитордук карыздан кутулууга жумшалды. Былтыркы жылдын башында 1,3 млрд сомдун тегерегинде кредитордук карыз болсо, азыр 853 млн сомго түштү”, - дейт ал.


Кайыңбаев мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо абдан аз болгонун айтат.


“Бирок 2022-жылы жетиштүү каражат бөлүнүп жатат. Утурумдук бюджет боюнча 2 млрд 63 млн сом бөлүнсө, азыр кошумча 945 млн сом бөлүнүүсү каралууда. Быйыл жергиликтүү, мамлекеттик жана эл аралык маанидеги жолдордо оңдоо иштер жүрөт”, - деди министрдин орун басары.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн