Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 06:45
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Быйылкы бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом каралган

10.07.2020 08:24
1053
Быйылкы бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом каралган


Өткөн жылга карата республикалык бюджетте саламаттык сактоо чөйрөсүнө 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муну менен катар 2020-жылдын республикалык бюджетинде саламаттык сактоо тармагына 6,6 млрд сом (Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун 18,1 млрд сом трансферттору менен) каралган.

COVID-19 пандемиясы өлкөнүн экономикалык абалына гана таасирин тийгизип, жөнөкөй жарандардын жашоосуна бир кыйла түзөтүүлөрдү алып келбестен, бардык мамлекеттик органдардын ишине, республикалык бюджетти түзгөн салык жана бажы алымдарын жыйноого таасир берди. 

Өлкөдө түзүлгөн жагдайга карабастан белгиленген компенсацияларды жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн быйылкы жылы республикалык бюджеттен эле 243,3 млн сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары жасалма дем алдыруучу жабдууларын, мобилдик кычкылтек концентраттарды, жеке коргонуу каражаттарын, керектүү медициналык дары-дармектерди жана гигиена каражаттарын сатып алуу иш-чаралары каржыланган. 

Жалпысынан COVID-19га байланыштуу иш-чараларды каржылоо өз убагында жана зарыл көлөмдө ишке ашырылууда.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн