Быйылкы окуу жылында Кыргызстандагы абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жараянды ишке ашырчу "Абитуриент
Online" автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыкты.
www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлар, факультеттер, адистиктер киргизилген. "Абитуриент online" кабыл алуунун жүрүшүн реалдуу режимде күзөтүүгө, рейтингдеги орунун көрүүгө окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын сынактын жүрүшүнө жана жыйынтыктарына таасирин минималдаштырууга жана абитуриент өзү каалаган окуу жайга тапшырууга мүмкүндүк берет.
Жалпы республикалык тестирлөөдөн босого баллдан жогору алган ар бир абитурент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайдын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайга тапшыра алат.
Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укук берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн