Өлкө аймагында окуу жылы дистанттык негизде жыйынтыкталат. Бул тууралуу 30-апрелде болгон брифингде Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков айтты.
Ал мектеп бүтүүрүчүлөрдү экзамендерге жакшылап даярдык көрүү керек экенин айтты.
"Өзгөчө абал режими узартылганына байланыштуу быйылкы окуу жылы орто мектептерде, орто окуу жайларда жана жогорку окуу жайларда дистанттык негизде жыйынтыктайлы деп турабыз. Ал эми 9 жана 11-класстын окуучуларында дистанттык негизде бүтүрү үчүн түрдүү сценарийлер каралып жатат. Мүмкүн болушунча алардын билимин баалап, колдоо көрсөтүүгө аракет кылабыз. Ал эми жогорку окуу жайларда колунан келишинче бүтүүрүчүлөрүн онлайн жыйынтыктатууга аракетин көрүп жатат”, - деди Исаков.
Пикирлер (1)