Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Быйылкы жыл тарыхый окуяларды эскерүү жылдарына бай эле

15.04.2020 10:42
949
Быйылкы жыл тарыхый окуяларды эскерүү жылдарына бай эле


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып, калктын саламаттыгы аны тынчсыздандырып жатканы үчүн өлкөдө өзгөчө абалды узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.


Анын айтымында, учурда оору басаңдап жаткан абал келе элек, күн сайын вируска чалдыкканы аныкталган адамдардын саны өсүп жатат. "Мындан ушундан улам өлкөнүн аймактарында өзгөчө кырдаалды узартуу туура чечим болду”, - деди ал.


Президент белгилегендей, быйыл өлкө тарыхай иш-чараларды өткөрүүгө бай жылдардан болчу. “Март, Апрель революциялары жана бир катар тарыхый инсандарды эскерүү иш-чаралары өтмөк. Бирок айла жок, алардын өткөрүү күндөрүн өзгөртүүгө туура келет”, - деди С.Жээнбеков.


Бирок, экономикалык, ишкердик жана айыл чарба жумуштарына байланышкан иштер эч качан үзгүлтүккө учурабай өз нугунда уланаарын кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн