Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 12:53
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Быйылкы жылы фитир-садакадан 9,5 миллон сом чогулду (фото)

11.06.2020 16:42
1036
Быйылкы жылы фитир-садакадан 9,5 миллон сом чогулду (фото)


Быйылкы жылы фитир-садакадан 9 595 528 сом жыйналып, элден чогулган каражат муктаждарга таркатылып баштады. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык,  бул каражаттын 40 пайызы 4, 035 763 сом Муфтияттын эсептик счетуна келип түшкөн. Ал эми 50 пайызы (4, 790 804 сом) жергиликтүү мечиттерде, 10 пайызы (944020 сом) облустук казыяттарда калган.

 

Бүгүн, 11-июнда жыйналган каражаттарды арыздардын негизинде колунда жок жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таратып берген.


Жардамга муктаждар үч топко бөлүнүп каралган:


1. Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, I, II, III топтогу жана көзү азиз майыптарга 2500 сом, 10 килограм ун; 

2. Жашоо шарты начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2000 сом, 10 килограм ун;

3. Батирде турган, социалдык абалы начар жарандарга 1500 сом, 10 килограм ун өлчөмүндө көмөк көрсөтүлгөн.


Маалыматка таянсак, бул жылы КМДБга садака-фитир алуу үчүн 300дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Алардын баарына этабы менен бөлүштүрүлүп, биринчи этабында 70 жаранга тапшырылып берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн