Бугу 06, 2024
Убакыт: 21:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Быйылкы жылы өлкө боюнча 54 млн сом фитир-садака топтолду

02.05.2023 17:17
282
Быйылкы жылы өлкө боюнча 54 млн сом фитир-садака топтолду



2023-жылы фитир-садака жыйноодо өлкө боюнча 53 млн, 824 миң 441 сом топтолду. Анын 657 миң 881 сому РСК, 900 557 сому Мбанк аркылуу жыйналды.


Бул боюнча БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов билдирди. Фитир-садакадан топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге (т.а. 30 млн 681миң 082 сом), 15 пайызы хатибияттарга (5 млн 785 миң 835 сом), 15 пайызы казыяттарга (8 млн 514 миң 956 сом), калган 10 пайызы муфтиятка (5 млн 167 миң 49 сом) бөлүндү. Фитир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле муфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.



Өлкөбүздө фитир-садакалар көп жылдардан бери мечиттерде топтолуп, бул жараян нукка түшүп калган. Муктаж инсандар мечиттерге, хатибияттарга, казыяттарга кайрылып, фитир-садаканын эсебинен жардам алып келет. Акыркы учурларда КМДБ тарабынан фитир-садака берүүнү жеңилдештирүү жана санариптештирүү аракеттери көрүлүп, интернет банкинг аркылуу кабыл алуу да жүрүп жатат.


Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн 247 миң 328 сом фитир-садака каражаты топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн