Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:52
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Быйылкы жылы үй-бүлөдөгү зомбулук 61,7 пайызга көбөйдү

24.04.2020 13:20
1072
Быйылкы жылы үй-бүлөдөгү зомбулук 61,7 пайызга көбөйдү


Өзгөчө абал учурунда үй-бүлөдөгү зомбулук 61,7 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу 24-апрелде өткөн брифингде Ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев айтты.


“Тилекке каршы, Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,7 %га өстү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды. Шаар тургундары, сиздерге кайрылам, бул убакыт дагы өтөт, биз үй-бүлөлөрүбүздү сактап, жакындарыбызга сабырдуу болушубуз керек”, - деди Орозалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн