5-6-октябрдагы бийлик алмашуу маалында прокуратура кызматкерине кол көтөргөндөргө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аталган факты боюнча “бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон.
“Прокуратура кызматкерлеринин айлыктары аз, социалдык жактан корголгон да эмес. Прокуратурада иштеген жарандар да башка мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу корголушу керек”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн