Бугу 07, 2024
Убакыт: 13:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Бийлик элге канткенде жагат?

03.02.2021 11:12
962
Бийлик элге канткенде жагат?


Алакандай мамлекетке көп министрлик эмне кереги бар деп жүргөндөр, эми барын эле кошуп салды деп нааразы болуп баштады. Кечээ эле мактап, колдоп жаткандар, жыйынтыгын көрбөй, баштала элек бийликтин кадамдарын сындоого өтүштү.

Элдин жыргал жашоосу үчүн деп кыйкырып жүргөндөргө кызмат жетпей калган күнү нааразычылыктары чыга баштады. Булар эртең кайра эле оппозиция болуп чыгышы мүмкүн. Кызматы бар учурда унчукпай, жетпей калган күнү кыйкырган адамдарда "Элдин жыргал жашоосу үчүн" деген жөн гана бетине кармаган маска.

Бизге стабилдүүлүктөн өткөн кымбат эч нерсе жок. Тынчтыктын кадырын билбей, баалабай жатат окшойбуз. Ар бирибиз пейилибизди оңдошубуз керек.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн