КР эмгек сиңирген юристи Мурат Укушов Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышын шайлоонун мыйзамдуулугу тууралуу өзүнүн пикирин билдирди.
Белгилүү болгондой, Конституциянын талаптарына жана “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын кезектеги депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү керек.
Ал ортодо өлкөдө коронавирус эпидемиясынын жайылышына жана республиканын айрым райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары парламенттик шайлоону 2021-жылдын күз айларына жылдыра турууну жана жергиликтүү кеңешти шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы азыркы депутаттардын ыйгарым укуктарын узартуу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Мындан улам азыр ушул жагдайдагы татаал суроого кыргыз бийлигинин алдында адекваттуу жооп табуу милдети турат: кандай жол менен жарандардын ден соолугун, өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылып, ошол эле учурда мыйзамдуулукту сактап калса болот?
«Тынчтык бузула берсин, бирок мыйзамдуулук өкүм сүрсүн»
Мамлекеттин заманбап теориясы жана укугунун “атасы” деп саналган байыркы Римде мыйзамдуулуктун бирден бир принциптеринде ушундай жүйө келтирет. Мыйзамдуулуктун принциби – мамлекеттик теориянын жана адам укугунун маанилүү фундаменталдык түшүнүктөрүнүн бири. Мыйзамдуулуктун маңызы катуу талапта жана мыйзамдардын бардык субъектилеринин кыйшаюусуз аткарылышында турат.
Мыйзам принциптери адам коомунда жана мамлекеттүүлүктө эң маңыздуу орду бар деген түшүнүктү негиздешкен байыркы римдик юристтер. Алар тарабынан иштелип чыккан аксиомалар укуктук принцип катары калыптанып, азыркыга чейин колдонулуп келе жатат.
Конституция Кыргызстанды укуктук мамлекет деп жарыялады. Муну менен констатациялык жыйынтыкка жетти деп саноого болбойт, бул юридикалык новелла, бизде укуктук мамлекет эми түптөлүп жатат. Эң маанилүүсү – бул курулушту жакшы учурду күтүп токтотууга же келечекке калтырбаш керектигин түшүнүү зарыл. Бул азыркы кезде акырындык менен таасирдүү аракеттер менен ишке ашырыла берүүсү керек.
Эгерде биз укуктук мамлекетти курабыз деп ниет кылсак, анда баарыбыз – карапайым жарандар, коомдук жана саясий ишмерлер, мамлекеттик аппарат демоктратиялык баалуулуктардын жашоодогу жетишсиздерин өздөштүрүп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү баштообуз зарыл. Коомдук жана саясий турмушка мыйзамдуулук деп аталган өзгөчө режим керек.
Эгерде мамлекет мындан ары легализацияга доо кетирсе, анда коомчулукта “жүрүм-турумдар нормалары” макамына алып келиши мүмкүн. Мамлекеттик аппарат, укук коргоо органдары, соттор жана карапайым эл тарабынан мыйзамдуулукт массалык сактабай калып, коомчулук үчүн коркунучтуу жагдай түзүлөт. А бул эреже мамлекеттин жана укук тартибинин жок болушуна алып келет.
Эми, парламенттик шайлоону узак мөөнөткө жылдыруу, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын узартуу мүмкүндүгү тууралуу маселеде мыйзамдуулуктун принциптерин жетекчиликке алуу зарыл.
Конституцияда белгиленгендей, Кыргызстандын эли мамлекеттик бийликтин суверендүүлүктүү алып жүрүүчү жалгыз булагы болуп саналат. Жогорку Кеңеш жана президент жалпы эл тарабынан шайланып, бүткүл коомчулук үчүн кызмат кылат. Элдик бир дагы бөлүгү, бир дагы бирикме же кайсы бир адам, мамлекеттеги бийликти өзүмдүк кылууга укугу жок, мамлекетти узурпациялоо өтө оор кылмыш болуп саналат. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги жана андагы кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталып, өзүнө берилген ыйгарым укуктан ашып чыгууга болбойт. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, мыйзамдар жана башка нормативдик укуктук актылар Баш мыйзамдын негизинде гана кабыл алынат.
Шайлоолорду өткөрүүдөгү милдеттүү принциптер: аларга бийлик органдары жетекчилик кылууга милдеттүү
Шайлоо – бул Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик бутагына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигине сунуш кылган жаранды шайлоону уюштуруунун жалгыз мыйзамдуу ыкмасы болуп саналат. Бийлик органын түзүүнүн башка варианты Конституцияга карама-каршы келет жана азыркы шайлоо мыйзамдарын жана Коституциялык түзүлүштүн негиздерин бузуу болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президентти жана Жогорку Кеңешти Конституцияга ылайык белгиленген мөөнөтүндө өткөрүү милдеттүү болуп саналат.
Шайлоону өткөрүүдөгү милдеттемелер эл аралык документтердин бири “Адам укуктарынын жалпы декларациясында”, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык документте да негизги принцип катары көрсөтүлгөн.
Муну менен бул конвенция Кыргызстандын Конституциясы тарабынан бекитилген, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аткаруу бийлиги Конвенциянын 6-беренесинин нормаларын жетекчиликке алуулары керек.
Шайлоону өз мезгилинде өткөрүү кызмат адамдары анын бийлигинин легитимдүүлүгүн шарттайт. Шайлоолордун милдеттүүлүгү мамлекеттик жана муниципалдык органдар белгиленген шайлоо мөөнөтүн жокко чыгаруу жана жылдырууга укугу жок экенин, кабыл алынган чечимдерди кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү экенин билдирет.
Белгилеп кетүүчү нерсе, азыркы иштеп жаткан Конституция жана шайлоо мыйзамдары шайлоолордун өз мезгилинде өткөрүүнүн кепилдигин орнотот. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктуу мөөнөттөрү 5 жыл, андан ашык ыйгарым укукка ээ болууга мүмкүн эмес. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарына добуш берүү күнүнө чейин 100 күндөн кем эмес календардык күндүн ичинде дайындоого тийиш.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоону жылдырууга мүмкүнбү?
Конституциялык нормаларга жана Конституциялык мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын кезектеги депутаттарын шайлоо өткөрүлүшү керек. Факты жүзүндө бул шайлоону өткөрүүгө дагы 5 айдан ашык убакыт бар. Тактап айтканда, шайлоонун мөөнөтү июнь айынын аягында дайындалышы керек. Парламенттик шайлоо боюнча бүгүн кандайдыр бир чечимдерди кабыл алуу же талкуулоо азырынча эрте.
Учурда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт коронавирустун мындан ары жайылышына каршы чараларды кабыл алышы керек. Добуш берүүгө чейин алдыңкы айларда абал тынчып, өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып калат, деген үмүттө туралы.
Булак: elgezit.kg
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн