Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бийлик өкүлдөрү Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту

06.09.2022 12:06
836
Бийлик өкүлдөрү Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.


Аталган тапшырманын негизинде бүгүн, 6-сентябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кадамжай районунун тургундары менен жолугушту.  


Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, жеке укуктарынын бузулушу, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу кайрылууларын узатышты. 


Башкы прокурор эл менен болгон жолугушуулар президенттин жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, эл тарабынан айтылган маселелер мыйзам чегинде, ыкчам түрдө чечилээрин билдирди. Калктын кайрылуулары Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жеринде кабыл алынып, тийиштүү суроолор боюнча жооптор берилди.


Ошондой эле, К.Зулушев Кадамжай районунда мектеп окуучусун зордуктоо жана өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсүн жеке көзөмөлүнө алгандыгын, бул иш боюнча бардык күнөөлүүлөр жоопко тартылып, алар өз жазасын ала турганын жолугушууда билдирди.


Жыйынга Кадамжай районунун 500гө чукул тургуну катышты.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Илимидинов Умар
Жанылыктар