Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу Түп районунда уланды

18.11.2022 17:06
562
Бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу Түп районунда уланды

Бийлик өкүлдөрүнүн Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуулары Түп районунда уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууга башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, облус башчысы Илияз Иманбетов жана башка жетекчилер катышууда.


Эл менен болгон жолугушууда укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу айтылды. Чечилбей келе жаткан маселеси менен кайрылган жарандардын кайрылуулары жеринде кабыл алынып, тийиштүү башкармалыктарга алардын көйгөйлөрүн ыкчам жана мыйзамдуу чечүү тапшырмасы берилди.


Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, эл менен болгон жолугушуулар президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыгын, ар бир кайрылуу мыйзам чегинде объективдүү каралып, ыкчам түрдө тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын билдирди.


Жыйынга Түп районунун 400гө чукул тургуну катышууда.


Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.


 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн