Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бийлик органдарынын жетекчилеринин Талас облусундагы жолугушуулары башталды

11.08.2022 11:17
534
Бийлик органдарынын жетекчилеринин Талас облусундагы жолугушуулары башталды

Президент С.Жапаровдун тапшырмасына ылайык, эл көйгөйүнөн жеринде кабар алуу максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Манас жана Кара-Буура райондорунун тургундары менен жолугушууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйында, тургундар коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, социалдык көйгөйлөр тууралуу суроолорду салышып, жетекчиликтен тийиштүү чара көрүп берүүнү сурашты. Башкы прокурор ар бир кайрылуу кылдат жана мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, чукул арада чаралар көрүлөөрүн билдирди.


Жолугушууга Манас жана Кара-Буура райондорунун 200гө чукул жашоочусу катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн