Өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алган бардык өлкөлөрдө митингдердин, түрдүү акциялардын өткөрүлүп турушу – бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргызстан да демократиялык жолду башынан тандап алган. Андыктан ар бир жарандын өз оюн эркин билдирүүсүнө, жогорку бийлик төбөлдөрүнө жеткирүүсүнө бардык шартты түзүп бериши керек. Ал кандай шарт? Ал – тынчтык митингдерине тоскоолдук кылбоо.
Бирок, бизде бир көйгөй бар. Тынчтык митинги дегенибиз көпчүлүк учурда ызы-чуу, барымтага алуу, ташбараң жасоо, жолдорду тосуу сыяктуу мыйзамсыз кадамдар менен коштолуп кетет. 2-мартта Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын өткөргөн митинги да муну дагы бир жолу далилдеди. Ырас, Садыр Жапаровдун тарапташтары, ал митингдин уюштуруучуларынын Ак үйгө чабуул жасоо ниети болбогон болушу мүмкүн. Бирок, көпчүлүктүн ичинде ар кандай максаттагылар кошулуп алса, анда алардын жетегинде калып калуу коркунучу бар экени билинди.
Митингден ким кандай сабак алышы керек?
Биринчи кезекте бийлик алуусу керек болгон сабактар тууралуу айталы. Коомчулукта бийликке нааразычылык жок деп айтууга болбойт. Мамлекеттик маалымат каражаттары күнү-түнү өлкөбүздө жасалып жаткан дурус иштерге басым жасап жатканы менен, ошол эле убакта чечилбей жаткан көйгөйлөр көп. Дагы деле жашоо-шарты жакыр абалда жашаган айылдыктар арбын. Шаарда эле андай жашоо кечиргендер аз эмес. Санариптештирүүгө өтүп жатабыз дегенибиз менен дагы деле аймактарда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө бюрократиялык көрүнүштөр көп кездешет. Демек, бийликке элдин жашоо-турмушундагы көйгөйлөрдү өз убагында, туура нукта жеткирүү нааразычылыктардын күч алып кетүүсүнөн сактай турганын эске алуу керек. Бул үчүн мамлекет башчысынын, өкмөт башчысынын жакын чөйрөсү бийлик менен элдин ортосундагы көзгө көрүнбөгөн көшөгө болуудан алыс болуулары кажет.
Ошол эле 2-марттагы митингге уюштуруучулар убадалагандай 5000ге чейинки адам келген жок. Журналисттерди, укук коргоо кызматкерлерин кошкондо 3000дин тегерегинде адам болду. Алардын арасында «1000 сомдон беребиз дешти эле» деп келгендер да болгонун социалдык түйүндөрдөгү видеолордон көрдүк. Бирок, ошол факты менен эле митингге келгендердин баары акча үчүн келишкен деген тыянак чыгаруу да туура болбойт. Митингге республикабыздын 7 дубанынан өкүлдөр келгенин эске алганда, бийликке болгон нааразычылык (азырынча өтө чоң эмес) бардык региондордо бар экенинен кабар берет.
Бул башталышы гана болушу мүмкүн
Митингге
келгендердин талаптарынын бири - бул алдыда өтө турган парламенттик шайлоону
таза жана ачык өткөрүү талабы болду. Демек, элибиз эми парламенттен кайрадан
эле эски жүздөрдү көргүсү келбей турат десек болот. Эгерде бийлик мурдагы
бийликтердин тушундагыдай кайсы бир саясий партияга жергиликтүү бийлик
органдары аркылуу колдоо көрсөтүп, маарага алдыңкы кылып алып келем десе,
шайлоо жыйынтыктарын фальсификациялоо аракеттери болсо, бул өтө чоң катачылык
болуп калышы мүмкүн. Анда ал жеңишке жеткен партияларга да, бийликке да элдин
нааразычылыгы күчөйт. Андай учурдан парламентке өтпөй калган саясий күчтөр
пайдаланып, учкундан жалын тутантуу аракеттерин көрүшпөйт деп эч ким кепилдик
бере албайт.
Баса, шайлоонун алдында саясий партиялардын, саясий күчтөрдүн амбициялары ойгонуп, тирештер күчөйт. Муну да эске алуу керек. Айрымдар алдын-ала эле «шайлоо таза өтпөй турган болуп калды, бийлик кайсы бир партияны колдоп жатыптыр» деген сыяктуу «учурмаларды» атайылап көбүртүшөт. Андыктан шайлоого старт берилгенге чейин бийлик башында тургандар саясий партиялардын лидерлери менен бир жолугушуп, ийри отуруп, түз кеңешип, өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо жаатында макулдашып алышканы оң.
Эң башкысы, бийлик 2-март менен кошо эми мындай митингдер кайталанбайт деп ишенбеши керек. Бул башталышы гана болушу мүмкүн. Балким, «машыгуу» болгондур. Бул жылы парламенттик шайлоо да боло турганын эске алганда, мындай митингдер, акциялар жаз-жай мезгилдеринде өтө көп кайталанышы толук мүмкүн. Андыктан өлкөнүн коопсуздугун, стабилдүүлүгүн сактоо үчүн бийлик эл менен тыгыз байланышта болуу менен бирге, ар кандай провокациялык аракеттерге, күч менен бийликти басып алуу пландарына туруштук бере тургандай даяр болушу шарт. 2-марттагы митингде Ак үйдү көздөй агылган адамдар милициялардын чынжырчасын 2 минутада эле үзүп кеткенин көрдүк. Эгер митингге чыккандардын саны ал күнү миң эмес, 5 миң болгондо эмне болот эле? Бул бийликтин эсине алып кое турган жагдай.
Саясий күрөштүн маданияттуу жолуна кантип жетебиз?
Ошол эле убакта бийликтен тышкары турган саясий күчтөрдүн эсине ала турган жалгыз жана өтө олуттуу негизди айткыбыз келет. Бардык эле учурда бийликтен тышкары калган саясатчылар, саясий күчтөр Ак үйдү көздөй чабуул жасай турган болушса, милиция кызматкерлерине «Силер эл менен болгула! Өз элиңерди атпагыла!» деген сөздөрдү айтууну адат кылып алышты. Мунун өзү укук коргоо кызматкерлерине басым болуп, аларды «мамлекеттүүлүктү сактабагыла, алдыбызды тоспой четке чыга тургула, биз бийликти барып басып алалы» дегендей жолго чакырып жаткандай эле болуп калат. Эгерде баарыбыз эле бийликке нааразы болгондо күч кызматкерлерине ушундай кайрылуу жасай берсек, анда бийлик күнүнө алмаша бергенин колдоп жаткан болуп жатпайлыбы.
Айтор, 2-марттагы митинг бийликти да, бийликтин оппоненттерин да ойлонтушу керек. Кантип биз саясий күрөштүн маданияттуу жолуна жетебиз деген суроону эки тарап бирдей коюшу керек. Балким, бийлик төбөлдөрү өздөрү биринчи алдыдагы парламенттик шайлоону эч кандай административдик күчтү колдонбой өткөрүп, фальсификацияга барбаса, элдин нааразычылыгын жараткан кичинекей маселелердин шишип-көөп кетишине жол бербей, өз убагында чечип турса, митингдерибиз чындап эле атына заты төп келген тынчтык митингдери болуп калышы мүмкүн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн