Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:17
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Марипов менен Новиков тымызын тирешишкен...

20.05.2021 18:26
2406
Марипов менен Новиков тымызын тирешишкен...


Бийлике жаңы келгендер бир орусту сөзсүз чоң кылышат. Бул кыргыз бийлигиндеги алмашкыс аксиома. Мындай саясаттын артында акча бар. Чөнтөгү жукарган күнү ошол орусту бетине тутуп, бийлик  Москвага жөнөп калат.


Танаев, Силаев, Чудинов эми Новиков.  


Кыргызстанга өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болот делген  2 фонд бар. Бири Новиков барган фонд, кийинкиси "Ыйман".  Эрдогандын чөнтөгүн карап отуруп, эски бийликтин эси оогон. "Ыйман" фондун карга, кузгундар жей берет экен деп расмий Анкара аккан булакты токтотуп койгон. Новиков барган фонд да, ушул кейипти кийейин деп калды окшойт. Бийликтин токтоосуз жүрүшү ушундан кабар берет. Кыкеңдин төңкөрүшү орусту да, түрктү да, катуу үркүттү. Эми бул фонддордун тагдыры эмне болот, көрө жатаарбыз.


Колунан кокон тыйын келбеген балдар өкмөтүндөгү мамиле саясий чөйрөгө өтө эле кызыксыз болду. Ошентсе да, билбегендер үчүн айтып коёлу. Марипов менен Новиков тымызын тирешкендиги, бири бирин кыртышы сүйбөгөндүгү анык. Бирок, фондго аны Марипов жылдырды деген жалган сөз.


Манас Осмон, журналист 

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таалайбек
Бул Орус Кремилдин Агент и Орустар бийлике ФСБ нын жардамы менен келет бизге