Бийликти күч менен алууга шектелип кармалган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшкөнү тууралуу аудиого жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу жактоочу Чынара Жакупбекова 24.кг агенттигине билдирген.
Анын айтымында, аудио Россияда жана Казакстанда экспертизадан өткөн.
"Москва жана Алматыдагы көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй аудио жасалма экени белгилүү болду. Эксперттер аудио монтаждалганын далилдеди",- деди жактоочу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн