Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Абыкеев: Бийликти элге бериш керек. Ошондо президенттерди кубаламай токтойт

28.10.2020 14:57
531
Абыкеев: Бийликти элге бериш керек. Ошондо президенттерди кубаламай токтойт

"Мыйзам бузулуп атат. Мыйзам бузулуп калды"- дегендерге таң калганымдан ооз каякты карашты билбей калды. Айланып кетейиндер! Эгемендүүлүккө жеткен 30 жылдан бери мыйзам бузулбаган бир жыл болдубу? Кана айткылачы "Баланчанчы жылы бир да мыйзам бузбай таза иштешкен"- дегенди. Баш мыйзамды А.Акаев каалагандай бурмалап канча жолу өзгөртүп, Топчубек Тургуналиев баштагандарды "1800- жылкы чыккан барданке мынтык менен мени атып өлтүрүүгө даярданып атыптыр"- деп каматып, он беш жыл каалагандай оюн салганда эле мыйзам бузуу көнүмүш адатка айланбады беле.


2005- жылы мыйзамды "Күлгө чапкан к-дөй" кылып тебелеп Ак үй алынып, Ф.Кулов баш богондор сотторду кекиртектеп туруп бошонуп зек КР Премьер министири болгондо "Мыйзам бузулду"- дегендер кайда элеңер? 2010- жылы АШАнын Форумунан автоматчандар келип Ак үйдү алып, өздөрүн өздөрү шайлап алган 11 "Убактылуу өкүмөттүн мүчөлөрүбүз"- дегендер каалаганын жасап, элди уруп да ойнобой туруп, Р.Отунбаеваны Кыргыз Республикасына Президент кылып шайлап койгондо кайда элеңер?Эл арасында "3 процент кадыры бар"- деген адамды АША күчкө салып сүйрөп келип бир ай ичинде "Узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына таанытып" туруп силерге Президент кылып өзү шайлап берип койгондо кайда элеңер? Кечө эле 5-октябрдан 6- октябрга караган түнү Ак үй өртөнүп атканда кайда элеңер?


Мен муну кыскартып жазып атам. Болбосо толук жазсам 30 жылдагы жалаң эле мыйзам бузуулардын көлөмүн салыштырсак Л.Толстойдун "Согуш жана тынчтык"- деген романы эс алууга чыгат.

Кыргызстанга чет өлкөдө жүрүп бүгүн келдиңерби? Силерди тааный албай таң калып турам. "Сырта жүргөндөр келип калыштыбы"- дейин десем баягы эле тааныш беттер. Кыргызстан уникалдуу өлкөгө айланганы качан. Маселен башка мамлекеттерде мыйзам иштейт, эгер мыйзам иштебесе "каралардын" "понятиясы" иштейт. Кыргызстанда бул экө тең иштебейт. Көчөгө агылып чыгып таш көтөргөндөрдүн "понятиясы" иштейт. Эл агылып көчөгө чыкканда аларды укпаса карасын да агын да таш бараңга алышат. Мына силер тапай аткан мыйзам. Кыргызстанда эң коркунучтуу курал таш. Мыйзам ээленри таш көтөргөндөр.

Эми эмне кылабыз? Дүйнө эли "Кыргыздар жапайылар"- дей башташты. Бир гана жол бар. Ага саясий эрк керек. Токтоосуз "Конституциялык кеңешме" түзүп жаңы Конституцияны кабыл алуу керек. Жаңы Баш мыйзам боюнча бийликти элге бериш керек."Бийликтин ээси эл"- деген аныктама мыйзамда толук иштеген механизим кириши керек. Ошондо таш бараңга алып кубаламай токтойт. Эл каалаган учурунда бийликтен отчет алгыдай болушу керек. Эл бийликти бөпөлөп падышадай эркелетип бакыдай эмес бийлик элге кулдай иштеген мыйзам керек. Ошондо ким көрүнгөн бийликке жулунбай калат. Акыл-эси төмөндөр бийликке баргандан коркот.Андан кийин жаңы Баш мыйзам боюнча шайлоолорду өткөзүп, ЖКти, Президентти шайлап мыйзамдуу жолго түшүшүбүз керек. Кыргыз мамлекети ошондо гана туура жолго түшөт. Ансыз бийлик башына баргандар таш бараңга алыганы алынган. Эсиңерден чыгарбагыла!? Эл А.Акаевди 15 жылда, Бакиевди 5 жылда. Жээнбековду 3 жылда таш бараңга алып кууду. Убакыт тез кыскара баштады. Эми 1 жыл сайын кууганга өтөт. Түшүнгүлө. Элдин бийлигин өз колуна карматып койгула. Ансыз болбойт. Башкача ар кандай арам ой ойлоп буйтактап бийликти өзүбүз кармайбыз дегениңер ишке ашпайт.

Чолпонбек Абыкеев 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн